Биз жөнүндө

Мектептин тарыхы

Сумсар жалпы орто билим берүүчү мектеби Жалал-Абад областынын Чаткал районундагы Сумсар айылында жайгашкан. Сумсар жалпы орто билим берүүчү мектеби 1961-жылы 1-сентябрда ачылган. Мектеп 360 орундуу 11жылдык  орус мектеп болуп, мектептин директору Шаламай И.С 1964-жылга чейин жетектеген. Андан  соң  Приходько А.Ф (1964-1973), Цекиндер В.А(1973-1976), ПетровГ.Д(1976-1979), Андерс Т.Ф(1979-1981), Цекиндер В.А(1981-1988) агайларыбыз директор болуп иштешкен. Ошол эле 1988-жылы Маняшин Л. А директор болуп дайындалган. 1981-1982жылдары мектепте эң биринчи кыргыз класс ачылып, кыргыз орус мектеп болуп дайындалган. Маняшин Л. А мектепте 30 жыл директорлук ордун жетектеп, 2017-жылы пенсиялык эргүүгө чыккан. 2017-жылы Сатыбалдыева К. А Сумсар жалпы орто билим берүүчү мектебине директор болуп дайындалган. Биздин мектепте 49 мугалим эмгектенет. Учурда 659 окуучу билим алышат.

2011-жылы Сумсар ЖОББ мектеби 50 жылдык юбилейин белгилеген. Төмөнкү белгини басып, юбилейди көрсөңүз болот.👇 

Биз жөнүндө

Мектептин миссиясы:

Сумсар жалпы орто билим берүүчү мекеме болуу менен бирге башталгыч,негизги жана жалпы билим берүүгө багытталат.Кесипке багыттап,ата-энелер,коомчулуктун жардамы менен алган билимдерин жашоодо пайдалана билген,коомдо өзүнүн ордун таба ала турган гумандуу,активдүү,атуулдук позициясы бар инсанды тарбиялоо.